Талибандар афган Кундузуна чабуул коё баштады

© AFP / WAKIL KOHSAR"Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлеринин архивдик сүрөтү
Талибан радикалдык кыймылынын согушкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистандын абалы акыркы айларда начарлап кеткен. "Талибан" радикалдык кыймылы буга чейин айыл аймактарына ээлик кылып келсе, эми чоң шаарларга чабуул коё баштады.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлери Афганистандагы Кундуз провинциясына чабуулун баштаганын РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Афганистандын полиция кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Афганистанда абадан урулган соккудан 18 террорчу мерт болду
Агенттиктин маалыматына караганда, талибдер дүйшөмбү күнү эртең менен Кундузга чабуул жасашкан. Учурда аймакты афган армиясынын эки тик учагы көзөмөлдөп жатат. Каза болгондор менен жабырлануучулар тууралуу азырынча маалымат жок. 

Афганистандын абалы акыркы айларда начарлап кеткен. "Талибан" радикалдык кыймылы буга чейин айыл аймактарга ээлик кылып келсе, эми чоң шаарларга чабуул коё баштады. Мунусу аз келгенсип өлкөдө "Ислам мамлекети" террордук уюмунун таасири да күчөй баштаган. 

Кундуз Афганистандын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан провинция жана шаар. Кундуздан Тажикстан менен болгон чек арага чейин болгону 68 чакырым. Ал эми Тажикстандын борборуна чейин 242 чакырым аралыкты түзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0