ЖМК: WhatsApp колдонгон россиялык чиновниктер жумуштан айдалат

© AFP / STAN HONDAWhatsApp тиркемесинин архивдик сүрөтү
WhatsApp тиркемесинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрежеге баш ийбегендерге дисциплинардык чара көрүлүп, кызматтан бошотулушу ыктымал.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиялык чиновниктерге WhatsApp, Viber, Telegram сыяктуу популярдуу мессенжер аркылуу кызматтык маалыматтарды талкуулоого тыюу салынарын РИА Новости "Известия" агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Мекен фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Иманалиев: атка минерлерди мамлекеттик сырды сактоо курсунан өткөрүш керек
Мындай эрежеге баш ийбегендерге дисциплинардык чара көрүлүп, кызматтан бошотулушу ыктымал. 

Нормативдик актыларды түзүп, чечимди ишке ашыруу милдети Федералдык коопсуздук кызматына жүктөлдү. Документти 2017-жылдын I кварталында бүткөрүү күтүлүп жатат. 

Кызматтык сырларга тиешеси жок жеке маселелерди талкуулоо үчүн аталган мессенжерлерди колдонууга тыюу салынбайт. 

Буга окшош чектөө 2016-жылы Казакстанда кабыл алынган. Анда мамлекеттик кызматкерлерге иш учурунда смартфон колдонууга тыюу салынган. Мындай чечим мамлекеттик сырлардын ачыкка чыгып кетпөөсүн алдын алуу үчүн каралганы болжолдонот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0