Иракта удаа жасалган терактылар 13 кишинин өмүрүн алды

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEИрактын полиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү
Ирактын полиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордун баары укук коргоо органдарында иштегендер. Жардыруудан 30 адам жаракат алды.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Иракта удаа жасалган терактылар 13 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу РИА Новости "Аль-Маядин" телеканалына таянуу менен жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, жардыруу болгон Тикрит шаары Салах-эд-Дин провинциясында жайгашкан. Аталган провинциядагы Шергат шаары өткөн аптада эле "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотулган. 

"Үч жан кечти унаалары менен өзүлөрүн жардырган. Окуя болгон учурда ошол жерде шаардык полициянын жетекчиси жана коргоо комитетинин төрагасы болгон. Алар кырсыктан аман калышты", — деп айтылат маалыматта. 

Телеканалдын билдиришинче, каза болгондордун баары — укук коргоо орган кызматкерлери. Жардыруудан 30 адам жаракат алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0