Түндүк Кореянын өзөктүк курал сыноосу Кытай менен Россиянын да тынчын алды

© REUTERS / KCNAТүндүк Кореянын өзөктүк курал сыноосу. Архив
Түндүк Кореянын өзөктүк курал сыноосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкө тең Корей жарым аралындагы абалды дипломатиялык жол менен чечүүгө ыктай турганын айтышып, бул максат үчүн тыгыз иштөө ниетин билдиришти.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Түндүк Кореянын өзөктүк курал сыноосу эки ири держава болгон Кытай менен Россиянын да тынчын алууда. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министринин орун басары Игорь Моргулов менен Кытайдын Корей жарым аралы боюнча атайын өкүлү У Давей телефон аркылуу байланышып сүйлөшкөнүн РИА Новости жазып чыкты. 

Эскерте кетсек, буга чейин Түндүк Кореянын борбордук телекөрсөтүүсү өлкө өзөктүк куралдарды ийгиликтүү сынаганын билдирген. Түштүк Кореянын аскердик күчтөрүнүн маалыматына караганда, жарылуунун кубаты 10 килотоннага жакын болушу мүмкүн, бул январдагыга караганда эки эсеге көптүк кылат. 

"Эки өлкө тең түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. Москва мене Пекин бардык кызыкдар тарапты кырдаалды курчутуп жибере турган кадамдардан алыс болууга чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Түндүк Кореяда парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея өзөктүк курал сынаганын тастыктады
Эки өлкө тең Корей жарым аралындагы абалды дипломатиялык жол менен чечүүгө ыктай турганын айтышып, бул максат үчүн тыгыз иштөө ниетин билдиришти.

Түндүк Кореянын аракетинен улам Түштүк Корея, Япония жана АКШ кайрадан БУУга кайрылып, бул маселе боюнча атайын отурум уюштуруп, аны коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүүнү өтүнүшкөн. 

Ал эми БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун өзөктүк курал сыноонун кесепети Сириядагы кырдаалдан да оор болушу мүмкүн экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0