Индиялык балбан каза болгон РФ олимпиадачысынын медалын алуудан баш тартты

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүРоссиялык Бесик Кудухов. Архив
Россиялык Бесик Кудухов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бесик Кудуховдун канынан 2012-жылы допинг табылган. Спортчу бир жылдан кийин автокырсыктан каза болгон.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Индиялык эркин күрөш боюнча балбан Йогешвар Датт каза болгон орусиялык спортчу Бесик Кудуховдун күмүш медалын алуудан баш тартты. Бул тууралуу индиялык The Hindu басылмасы билдирген. 

30-августта Лондон Олимпиадасынан байгеге татыган спортчунун канынан допинг табылды деген жүйө менен каза болгон балбандын күмүш медалын алып коюшту. 

Спортсмены Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев, Арстанбек Базаркулов и состав делегации из КР на Паралимпийских играх - Sputnik Кыргызстан
КР паралимпиадачылары бүгүн түнү Риого учуп кетишет. Делегациянын курамы
"Бесик Кудухов мыкты балбан болгон, мен аны спортчу катары сыйлайм. Канындагы допингдин өлгөнгө чейин аныкталгандыгы абдан өкүнүчтүү. Мүмкүн болсо медаль ага тиешелүү бойдон кала берсин. Бул анын үй-бүлөсүнө болгон сый мамиле болмокчу. Адам баласына болгон боорукерлик мен үчүн баарынан жогору турат." — деп жазган Йогешвар Twitter баракчасына.

Дүйнөнүн төрт жолку жана Олимпиада оюндарынын эки жолку байге ээси Бесик Кудухов 27 жашында 2013-жылдын 29-декабрында автокырсыктан каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0