Олимпиада эстафетасын кабыл алуу үчүн япон өкмөт башчысы Марионун образында келди

© REUTERS / STOYAN NENOVЯпон премьер-министри Синдзо Абэ белгилүү оюндун каарманы Марионун образында Олимпиада оюндарынын жабылуу салтанатына
Япон премьер-министри Синдзо Абэ белгилүү оюндун каарманы Марионун образында Олимпиада оюндарынын жабылуу салтанатына - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеороликтеги сюжет боюнча аземге кечигип жаткан Синдзо Абе оюн каарманы Мариого айланып, Япониядан дароо Бразилияга алып барчу жашыл түтүккө кирип кетет.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Япон премьер-министри Синдзо Абэ кийинки Олимпиада оюндарынын эстафетасын кабыл алды. Ал Рио-де-Жанейродогу жайкы Олимпиада оюндарынын жабылуу салтанатына белгилүү оюндун каарманы Марионун образында келди деп жазат The Japan Times агенттиги. 

Япон өкмөт башчысынын бул кадамы бир гана салтанаттын катышуучуларын эмес, соцтармактын колдонуучуларын да таңдантты. 

​Сюжет боюнча аземге кечигип жаткан Синдзо Абе оюн каарманы Мариого айланып, Япониядан дароо Бразилияга алып барчу жашыл түтүккө кирип кетет. Ролик өкмөт башчынын түтүктөн секирип түшүүсү менен аяктады. 

Мындан сырткары, Рио-де-Жанейро шаарынын мэри Эдуардо Паэс олимпиадалык байракты Токионун губернатору Юрико Коикэге тапшырды. 

Белгилей кетсек, кийинки Олимпиада оюндары 2020-жылы Токио шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0