БУУ: Ирак менен Сириядагы чет элдик согушкерлер мекенине кайта баштады

© AFP / JM LOPEZ"Ислам мамлекетинин" террор уюмунун желеги. Архив
Ислам мамлекетинин террор уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интерполдун чет элдик согушкерлер боюнча толукталган маалымат топтомунда жети миңге чукул согушкер бар.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Сирия менен Ирактын аймагында чет мамлекеттерден келип согушуп жүргөн "Ислам мамлекетинин" террорчу-согушкерлери өзүнүн мекенине кайта башташты. Бул туурасында РИА Новости БУУнун Коопсуздук кеңешинин комитетинин "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" боюнча докладына таянып кабарлады. 

Документте алардын кайта башташы — террордук бул уюмга карата жасалган согуштук кампаниялардан улам болгондугу айтылат.

"Учурда "Ислам мамлекети" Ирак менен Сирияда аскердик катуу соккуга кабылып, эки тараптан аймагынан ажырап бара жатат. Бул — чет мамлекеттерден келип согушуп жүргөн "Ислам мамлекетинин" террорчу-согушкерлердин мекенине кайтуусун жаратып, мүчө мамлекеттердин ишин кыйындатат", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун акыркы мезгилдери Афганистан менен Ливияда да жеңилүүгө дуушар болуп жаткандыгы белгиленген. 

Докладга караганда, мүчө өлкөлөр үчүн баш оору — улам өсүп бара жаткан улуттук коопсуздук маселе өлкөсүнө кайткан террорчулар жана алардын таасирине берилген жарандар болуп турат.

"Көйгөй "тымызын кара желе" аркылуу таратылган билдирүүлөрдөн же тексттерди жашырып колдонгон программадан улам тереңдеп баратат. Мындан улам, тартип сактоо кызматкерлери менен атайын кызматтар иш алып бара турган адамдардын саны көбөйүп кетти ", — деп айтылат маалыматта. 

Европалык өлкөлөрдүн БУУнун комитетине берген маалыматтарына караганда, чыр-чатактуу аймакка кетип жана мекенине кайтып келген террорчулардын санынын айырмасы 10дон 30 пайыздын ортосунда болууда.

Ислам мамлекети террордук тобунун согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети" террордук тобу Иракта 3000 кишини барымтага алды
"Өлкөсүнө кайтып кеткен террорчулардын бир катары "Ислам мамлекетинин" ишмердүүлүгүнөн көңүлү калып, оюн өзгөрткөн. Мүчө-мамлекеттердин берген баалоосуна караганда, алар тобокелдиктин эң төмөнкү баскычында турат. Анткен менен бир даары террордук кол салууларды уюштуруу үчүн кайтып кетишкен. Буга Париж менен Брюсселдеги окуялар күбө", — деп айтылат маалыматта.

Докладдын авторлору быйылкы жылдын февраль айында Интерполдун чет элдик согушкерлер боюнча маалыматтар топтому толукталгандыгын белгилешкен. Учурда алардын саны жети миңге чукулдап барат. Анткен менен учурда Ирак менен Сириядагы сырттан келген террорчулардын саны 30 миң адамга жакын деп айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0