БИШКЕК, 12-авг. – Sputnik. Бүгүн таңда Таиланддын алты жеринде жарылуу болуп, бир адам каза таап, бештен ашуун киши жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости "Тхаи Рат" телеканалына таянып кабарлады.
Жарылуулар негизинен туристтик аймактарда — Пхукет аралында, Сурат Тхани жана Хуахин деп аталган курорттук шаарларда жаңырган.
Алгачкы эки жарылуу полиция имаратынын жанында эртең мененки желекти көтөрүү маалында, алардын сааты менен 08.00де, андан соң Сурат Тхани шаарында посттордо, Сурат Тхани, Пхукетте болгон.
Сурат Тхани шаарында бири киши курман болуп, Хуахиниде төрт, Пхукетте бир адам жарадар болду деп кабарлады телеканал.
Хуахиниде полиция менен саперлор саат тогуздан өткөндө жарылбай калган дагы бир бомбаны зыянсыздандырды.
Бүгүн Таиландда король Пхумипхон Адульядеттин (Рама IX) жубайы ханыша Сирикиттин туулган күнү. Бул дата Энелердин майрамы менен кошо белгиленип, өлкөдө эс алуу күн деп эсептелет.