Путин: Эрдогандын келиши мамилени калыптандырууга шарт түзөт

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Тайип Эрдоган менен жолугушуу учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Тайип Эрдоган менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти орус жана түрк элдеринин кызыкчылыгы үчүн мамилени жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Тайип Эрдоган менен жолукканда Су-24 учагы атып түшүрүлгөндөн кийин эки өлкөнүн мамилеси солгундап кеткенин, бирок Эрдогандын сапары мамилени чыңдоого болгон аракет экенин айтканын РИА Новости билдирди.

"Түркиядагы ички абалга карабастан Сиздин сапарыңыз орус жана түрк элдеринин кызыкчылыгы үчүн мамилени калыбына келтирүүгө жасалган аракет", — деп Путин Эрдоган менен жолукканда билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Россия менен Түркиянын президенттери чартердик каттамдарды жандантуу, түрк товарларын Россияга экспорттоо маселелерин талкууга алат. Ошондой эле Россиядагы түркиялык курулуш компанияларынын иштери, Түркиядагы "Ак кую" атомдук электр станциясынын курулушу жана "Түрк агымы" газ куурунун иши да каралат.

Өлкө башчылары жолуккандан кийин отурум жабык эшик артында уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0