Япония: майыптар үйүндөгү кыргын 19 адамдын өмүрүн алды

© REUTERS / KYODOМедики и сотрудники полиции у дома инвалидов где мужчина напал с ножом на людей
Медики и сотрудники полиции у дома инвалидов где мужчина напал с ножом на людей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция кызматкерлери биринчи кабаттын терезеси сынып, сыртта балка жатканын көрүшкөн.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Япониядагы Канагава префектурасында белгисиз жигит мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кол салгандыгы тууралуу РИА Новости Киодо агенттигине шилтеме берүү менен жарыялады.

Кол салуу түнкү саат 2.30да (Бишкек убактысы боюнча 23.30) "Цукуидеги лилия багы" майыптар үйүндө болгон. Кылмышты мекеменин мурдагы 26 жаштагы кызматкери Сатоси Уэмацу жасагандыгы ырасталды. Ал жарым сааттан кийин полицияга келип "кылмышты мен жасадым" деп билдирген. 

Тапанча кармаган адам. Архивй - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы түнкү клубдун бириндеги атышуудан эки адам каза болду
Уэмацунцн сумкасынын ичинен кандын тактары калган бычактар табылган.

Полициянын маалыматына караганда, каргашадан 19 адам каза таап, 20 киши оор, дагы алты адам жеңил жаракат алган. 

Кылмыш болгон жерден полиция кызматкерлери мекеменин биринчи кабатынын терезелери сынып, сыртта балка жатканын көрүшкөн.

Интернат 3,89 миң чарчы метрлик аянтты ээлейт. Ал тынч тоолуу аймакта жайгашып, бир нече корпустардан турат. Мекеме 160 адамга ылайыкталганы менен анда 19 жаштан 75 жашка чейинки 149 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0