БИШКЕК, 24 июл — Sputnik. Ирактын борбору Багдад шаарында жанкечти өзүн жардырып, андан 10 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс басылмасына таянуу менен билдирди.
Окуя жекшемби күнү эртең менен Аль-Кадимейн районунда болгон. Каза болгондордун арасында эки полиция кызматкери жана сегиз жай тургун бар. Мындан сырткары 20дан ашуун адам оор жаракат алган.
Учурда аталган окуя боюнча тергөө амалдары башталды.