Эрдоган: чыккынчылык кылгандарга катуу жаза колдонулат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРабочий визит В.Путина вТурцию
Рабочий визит В.Путина вТурцию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган "Ататүрк" аэропортунан алгачкы түшүндүрмөлөрдү берди.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Түркиянын президенти Тайип Эрдоган өлкөнүн тынчтыгына чыккынчылык кылгандарга карата катуу чаралар көрүлө турганын "Ататүрк" аэропортунда журналисттерге берген билдирүүсүндө айтты.

Ал аскердик төңкөрүшкө болгон аракеттерден кийин журналисттерге биринчи жолу түшүндүрөм берди.

Ал өз сөзүндө бул аракеттердин баарынын артында паралель түзүлүш аттуу террордук уюм турганын айтты.

"Паралель түзүлүштүн өкүлдөрү куралдуу күчтөрдө, мамлекеттин башка түзүмдөрүндө бар экенин айтып, бүгүнкү күнгө чейин келди. Бүгүн жасалган аракеттер чыккынчылык. Анын жазасы өтө оор болот", — деди Эрдоган.

Ал ошондой эле бул окуядан улам Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн катары тазаланып, анын атына кара так келбей тургандай аракеттер жасала турганын айтты.

Андан сырткары тез арада тийиштүү жетекчилер дагы болуп өткөн окуя боюнча кеңири түшүндүрмө бере турганын билдирди.

Эрдоган азыр мамлекет башында эл шайлаган өкмөт жана президент бар экенин айтып, мөөнөтүнүн аягына чейин элине кызмат кыла турганын айтып, мындай козголоңчуларга мамлекетти бтапшырып бербей турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0