АКШнын Флорида штатында крокодил эки жашар бөбөктү сүйрөп кетти

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКрокодил. Архив
Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атасы уулун сактап калганга аракет кылганы менен анысынан майнап чыккан эмес.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Американын Флорида штатында Аллигатор эки жашар баланы тиштеп кетти деп РИА Новости ABC телеканалына шилтеме берип билдирди.

Окуя шейшемби күнү кечинде Орландо шаарынан алыс эмес жерде Disney's Grand Floridian Resort & Spa деп аталган курорттук жайда болгон. Ал жер атактуу Disney World паркына тиешелүү аймак. Кырсык болгон жерге беш кишиден турган үй-бүлө эс алуу үчүн келген.

Токой. Архив - Sputnik Кыргызстан
Японияда токойго ташталган бала бир жумадан кийин табылды
Оринж аймагынын шерифи Жерри Демингс аллигатор балага үй-бүлөсү менен ошол жердеги көлдүн жээгинде жүргүндө кол салгандыгын айтып берди. Атасы уулун сактап калганга аракет кылганы менен анысынан майнап чыккан эмес.

Демингстин айтымында, полиция баланы издөөнү улантып жатат.

Флорида аймагында аллигаторлорго байланышкан кырсыктуу окуялар көп болуп турат. Өткөн аптада эле ал тиштеп алган кишисин ары бери сүйрөп жүргөн. Андан мурда дагы бир окуя болуп, крокодил менен анын курмандыгы болгон аялды балыкчылар каналдан тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0