БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Стамбулда аялдамадагы жарылуудан беш киши жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости NTV телеканалына таянуу менен билдирди.
Жабыркагандардын биринин абалы оор экени айтылууда.
Жарылуу Стамбулдун борбору Беязыт аймагында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча колго жасалган бомба жарылган. Андан кийин бир нече ирет ок атылганы маалымдалды.