Пакистанда катуу шамалдан улам тогуз киши каза болду

© AFP / IRFAN BURKIПакистандагы оорукана. Архив
Пакистандагы оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамалга туруштук бере албаган имараттар кулап, дарактар тамыры менен жулунуп кеткен.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Пакистанда деңиз шамалынын кесепетинен кеминде тогуз киши каза таап, 100гө чукул адам жаракат алганын РИА Новости жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянып билдирди.

Алматыда кыйшайып калган үй - Sputnik Кыргызстан
Алматы: кыйшайып калган көп кабаттуу үйдөн 200гө чукул кишини алып чыгышты
Пакистандын борбору Исламабад жана Равалпинди шаарларында шамал саатына 100 чакырымга чейин жетип, адам өмүрүн алгандан сырткары, бир топ материалдык зыян алып келген. 

Шамалга туруштук бере албаган имараттар кулап, дарактар тамыры менен жулунган. 

Аба ырайынын бузулушунан улам Беназир Бхутто атындагы аба майданына багытталган бардык каттамдар Лахор аэропортуна жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0