БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Укук коргоо органдары Омск шаарынан өспүрүмдөрдү өзүнүн жанын кыюуга түрткөн сайттын болжолдуу администратору өзүн Ева Рейх деп атап алган 13 жаштагы мектеп окуучусу болуп чыгууда. Бул туурасында РИА Новости аймактагы Тергөө комитетинин маалыматына таянып билдирди.
Мындан бир нече күн мурда Россиянын Санкт-Петербург шаарынын тергөөчүлөрү социалдык тармак аркылуу суицидге түрткөн деген иш боюнча иликтөөнү баштаган.
Тергөөчүлөр кызды жана анын энесин суракка алганда, кыз "социалдык тармактарда көптөр менен жазышып, анын ичинде жанын кыюу темасы туурасында да сүйлөшкөндүгүн" айткан.
Укук коргоо органдары кыздын чөнтөк телефонун жана компьютердин негизги дискин андан ары иликтөө үчүн алып кетишкен. Анын жардамы менен Тергөө комитети кызыл жиптин учугун иликтөөнү баштаган.
Кыргызстанда да бүгүн Жогорку Кеңеште балдардын өз жанын кыюусу талкууланды. Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматтарга таянсак, жыл башынан бери өлкөдө өспүрүмдөр арасында 49 суицид катталган.
Депутаттар Кыргызстандын тартип коргоо органдарына суицидге чакырган сайттарды жабуу боюнча маселе көтөрүп жатат.