Түштүк Африкада ымыркайлардын 1%ы ата-энесинин колунан ажал табат

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүАфрикалык балдар. Архив
Африкалык балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарынын ачкадан кыйналып жатканын көргүсү келбеген ата-энелер ымыркайларын муунтуп, таш менен уруп же жөн гана көчөгө кароосуз таштап коюшат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Түштүк Африкада ымыркайлардын бир пайыздан ашыгы ата-энесинин колунан каза табары белгилүү болду. Бул тууралуу окумуштуулар PLoS Medicine журналына билдиргенин РИА новости жазып чыкты.

Бала көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тагдырга ташталган ымыркайлар үчүн "бөбөк-кутулар" маселеден кутултабы?
Түштүк Африкадагы медициналык изилдөөчү борбордун окумуштуусу Наимах Абрахамс кесиптештери менен биргеликте жыл сайын 500гө жакын ымыркайлар менен өспүрүмдөр ата-энелеринин колунан ажал табышарын аныкташты. 

Алардын айтымында, өз баласын өлтүрүү негизинен ачкачылыкка байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан улам алар ымыркайларын муунтуп, таш менен уруп же жөн гана көчөгө кароосуз таштап коюшат. 

Кызыгы, көпчүлүк мындай кылмыштар жазасыз эле калып калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0