The New York Times: Россиянын суу алдындагы кемелери АКШ менен НАТОго чакырык таштады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСуу алдындагы кеме. Архив
Суу алдындагы кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын аскерлери Россиянын жаңы суу алдындагы кемелери пайда болгонун, алар кыйла күчтүү жана тишине чейин куралданганын айтып чыгышты.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. АКШ аскерлери Россиянын суу алдындагы кемелери өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жаткандыгын кабарлайт. Бул тууралуу РИА Новости The New York Times басылмасына таянуу менен жазып чыкты.

Адмирал Марк Фергюсон Россиянын суу алдындагы кемелери мурункуга салыштырмалуу көбүрөөк кайгуул кыла баштаганын белгилейт.

"Россиянын жаңы атомдук жана дизелдик суу алдындагы кемелери пайда болду. Алар мыкты куралданган жана суу алдында жакшы байкалбайт. Мындан сырткары андагы экипаждар да тажрыйбалуу", — деп айтылат маалыматта.

"Биз улуу державалардын атаандаштыгына кайтып келдик", — дейт АКШнын куралдуу күчтөрүнүн адмиралы Жон Ричардсон. 

Ал ортодо АКШ жана батыш өлкөлөрүнүн аскер серепчилери Россиянын бул кадамы АКШ жана НАТО үчүн кооптуу экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0