New York Times: АКШ, Россия жана Кытай өзөктүк куралданууда жарышып жатат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРоссия жана АКШ желектери. Архив
Россия жана АКШ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия, АКШ жана Кытайдын өзөктүк куралданууда жактан жарышуусу жаңы кансыз согушка алып келерин Американын улуттук чалгындоосунун директору Жеймс Клеппер билдирет.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Вашингтон, Москва жана Пекин өзөктүк куралды технологиялык жактан жакшыртып жатат, бул өз кезегинде жаңы кансыз согушка алып келиши ыктымалдыгын РИА Новости New York Times басылмасына шилтеме берүү менен билдирди. 

"Мындай атаандаштык жаңы кансыз согушка алып келиши ыктымал", — экенин АКШнын улуттук чалгындоосунун директору Жеймс Клеппер Америка конгрессинин куралдуу күчтөр боюнча кометитинде сүйлөп жатып билдирген.

Түштүк Корея КЭДРдин өзөктүк объектилерине сокку уруу боюнча машыгууларды өткөрдү
Аталган басылма үч мамлекеттин өзөктүк курал жактан атаандашып жатканына бир катар мисалдарды келтирет. Кытай катуу ылдамдыктагы учуучу аппараттарды сынап жатса, АКШ дагы ушундай эле долбоорлорду ишке ашырууда. Андан сырткары ракеталардын жаңы муунун иштеп чыгып, өзүнүн өзөктүк программасын жаңылап жатат. Өз кезегинде Россия да ракеталарын жаңылап, суу алдында өзү сүзүүчү аппараттарды иштеп чыгууда.

Билл Клинтондун тушунда АКШнын коргоо министри болгон Уильям Перри өзөктүк куралдарды жаңылоо жана күчөтүү анын колдонулушуна алып келиши мүмкүн деп эсептейт. Ошондой эле, чыңалууну болтурбоо бир топ кыйындай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0