БИШКЕК, 12-апр — Sputnik. Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында жайгашкан аскер базада миналанган автоунаа жарылып, бир киши өлүп, 25 киши жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости Anadolu агенттигине таянып маалымдады.
"Жардырууну Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстандын Жумушчулар партиясынын мүчөлөрү жасаган",— деп айтылат маалыматта.
Өлкөдөгү акыркы жардыруу 1-апрелде дал ушул шаарда болуп, андан полициянын жети кызматкери курман болгон.
Диярбакыр — Түркиядагы Күрддөрдүн жумушчулар партиясы активдешкен калаа.
Президент Режеп Тайып Эрдоган бул мезгил ичинде беш миңге чукул козголоңчулар жок кылынгандыгын айткан. Ал эми күрддөргө жакын Демократияык партия деп аталган саясий бирикме ал операциялар учурунда жүздөгөн жай адамдар курман болгондугун айтып келет.
Түркиянын күч түзүмдөрү Стамбул, Анкара жана Диярбакыр шаарларындагы бир нече терактылардан кийин кырсыктарга даярдык менен турчу болду. Жан кечтилер жасаган жарылуулардан түркиялыктардан сырткары туристтер да курман болгон учурлар бар. Алардын бир катарларынын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук уюму алган.