Путин Сириядагы Россиянын аскердик тобун алып чыга баштоого буйрук берди

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился с министрами иностранных дел и обороны С. Лавровым и С. Шойгу
Президент РФ В. Путин встретился с министрами иностранных дел и обороны С. Лавровым и С. Шойгу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын айтымында аскер күчтөрү коюлган тапшырманы аткарды.

БИШКЕК, 15 мар — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин шейшемби күндөн тарта Сириядагы аскер күчтөрүнүн негизги тобун алып чыгууга буйрук берди.

Керри: Россия менен АКШ Сириядагы террорчуларга каршы күрөшүү системасын түзөт
Аталган буйрукту президент коргоо министри Сергей Шойгуга берген.

Путиндин айтымында, аскер күчтөрү коюлган тапшырманы аткарып бүттү.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтуусу боюнча, бул чечим Сириянын президенти Башар Асад менен макулдашылган.

Россиянын аскер күчтөрү Сириянын өкмөтүн колдоо жана “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы туруштук берүү максатында былтыркы жылдын 30-сентябрында өлкөгө киргизилген. Бул убакытта Россиялык учкучтар террористтердин миңге чукул объектилерин кыйроого учураткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0