00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия менен АКШ Сириядагы жарашуу тууралуу макулдашууну жар салышты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСирия желеги. Архив
Сирия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кремль менен Ак үй ИМ ээлик кылып турган аймакты аныктоо үчүн Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу бир пикирге келишти. Бирок Сириянын аскер күчтөрү, Россиянын аба-космостук күчтөрү жана АКШ башында турган коалиция террористтир топторго болгон чабуулун улантууда.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Россия менен АКШнын дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-февралынан тартып Сирияда өкмөттүн аскер күчтөрү менен оппозициянын аскердик топторунун ортосунда жарашуу ишке ашырылышы керек. Ал эми БУУ тарабынан террористтик деп табылган "Ислам мамлекети" (ИМ), "Жебхат ан-Нусра" жана башка топторго чабуул улана бермекчи.

Сириядагы жарашуу тууралуу Россия менен АКШ президенттери телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Натыйжада РФ башчысы Владимир Путин согуштук аракеттерди токтотуу Сириядагы кандуу кагылыштарга чекит коёрун белгиледи.

"Америкалык тарап менен бир пикирге келүү Сириядагы кыйын кырдаалды жөнгө салууга өбөлгө болот. Көп жылдан бери келе жаткан кан төгүүнү токтотууга шарт түзүлдү", — деди президент. 

АКШ лидери Барак Обама учурда сириялык режим менен куралдуу оппозициядан оң жооп алуу күтүлүп жатканын, ошондой эле жетишилген макулдашууну бардык тараптар абийирдүүлүк менен аткарарына ишеним артты. 

Россиялык президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ менен РФтин Сирия боюнча чечими Сауд Аравия жана Катар лидерлери менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында макулдашылганын белгиледи. Ал эми АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Марк Тонер кечээ мамкатчы Жон Керри Франция, Германия жана Сауд Араваиясынын ТИМ башчылары менен телефон аркылуу маектешкенин билдирди. 

Жарашуу тууралуу макулдашуу бардык тараптарга, анын ичинде Түркияга да тиешелүү экени баса белгиленүүдө. 

Башар Асад: саудит согушкерлер бизге Түркия аркылуу келип жатат
Ал эми Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш Сирияда согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу келишимди колдой турганын, бирок өлкө өз чек арасын бардык кооптуу нерселерден коргой турганын кошумчалады.

Жарашуу демилгесине Сириянын мамилесин бир беткей деп айтуу кыйын — башкы оппозициялык топ аталган макулдашууну гуманитардык "шарттар" аткарылган учурда гана колдой турганын билдирсе, сүйлөшүү боюнча жогорку комитет курчоону алуу, түрмөдөгүлөрдү бошотуу жана жөнөкөй жарандарга ок чыгарууну токтотууну талап кылууда. 

Ал арада Сирия президенти Башар Асад 13-апрелде парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул кандуу кагылыш башталгандан бери экинчи шайлоо болмокчу.

Эскерте кетсек, Сирияда 2011-жылдын мартынан баштап согуш жүрүп, натыйжада БУУнун маалыматы боюнча 220 миңден ашуун адам каза болгон. Өкмөттүк күчтөргө ар кандай куралдуу уюшкан топторго тиешелүү согушкерлер каршылык көсөтүүдө. Эң эле жигердүүлөрүнөн болуп "Ислам мамлекети" менен "Жебхат ан-Нусра" террористтик топтору эсептелинет.

Жаңылыктар түрмөгү
0