БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Интернетте Вован жана Лексус деген лакап ат менен белгилүү россиялык пранкерлер Владимир Кузнецов менен Алексей Столяров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды телефондон тамашага салышты.
Телефондук сүйлөшүүнүн айрым бөлүктөрүн Кузнецов YouTube каналына жайгаштырды. Тамашанын толук версиясын 12-февралда чыгара тургандыктарын белгилешүүдө.
Түрк президенти Украинанын "президентин" жылуу кабыл алып, аны "урматтуу досум" деп саламдашты. Сүйлөшүү учурунда "Украина тарап" Россиянын санкцияларынан жабыр тарткан мамлекет башчыларынын диалогун уюштурууну пландап жатканын айтышкан. Ошондой эле Россияга каршы аракеттерди жөнгө салууну да сунушташкан.
"Албетте, бул боюнча силерде эч кандай шектенүү болбосун", — деген пикирин Эрдоган билдирди.
Буга чейин Владимир Кузнецов менен Алексей Столяров Элтон Жонду, Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвилини, Киевдин мэри Виталий Кличкону жана башка кишилерди тамашага салган.