Жаңы жыл тосуу үчүн эң кымбат шаар аныкталды

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүЖаңы жылдык салют. Архив
Жаңы жылдык салют. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөр өз эсебин жаңы жылдык кечки тамак, түнкү клубдарга чакыруу билеттеринин баасына таянуу менен чыгарган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Дубай жаңы жыл тосуу үчүн эң кымбат шаар болуп аныкталганын Travelex компаниясына таянуу менен Аrabian Вusiness сайты жарыялаган. Аталган шаарда майрам тосууга бир киши үчүн 445 долларга бааланган.

Эмирликтеги шаар Лондон, Париж жана Нью-Йорк сыяктуу ири мегаполистерди артка калтырган. 

Жаңы жылдык салтанаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылды тосуу үчүн туристтер эң көп кайсыл шаарга агылары аныкталды
Маалыматка ылайык, иликтөөдө жаңы жылдык кечки тамак, шампан жана сыранын бир бөтөлкөсү, ошондой эле түнкү клубга болгон чакыруу билетинин баасы эсепке алынган. Мында мейманканадагы жашоо жана жол кире каралган эмес.

Экинчи орунда 426 доллар менен Нью-Йорк турса, "сүйүү шаары" — Париж 312 доллар менен үчүнчү орунду ээлеген. Алардан кийин Берлин менен Амстердам шаарлары катарга кирген.

Эң эле үнөмдүү жана арзан шаар болуп Эдинбург аталган. Ал жерде бир киши болгону 195 долларга бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0