БИШКЕК, 15-окт. – Sputnik. АКШнын 65-мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин мурдагы аппарат жетекчиси Лоуренс Уилкерсондун пикири боюнча, АКШда империя кыйрап бара жаткандыгынын негизги белгилери пайда болууда. Бул жөнүндө ал Вильгельм жана Мария колледжинде окуган лекциясы учурунда айтты.
Уилкерсон белгилегендей, Кошмо Штаттарына бийликтин куралы катары кубаттуу аскер күчүнө таянып алып, дипломатиянын ролуна баа бербөөчүлүк, тынчтык мезгилинде аскерлердин санын кыскарткандын ордуна, тескерисинче, аларды көп санда жана дайыма согушка даяр абалда кармоочулук мүнөздүү. Ошондой эле АКШда каржы жана соода жааттарында толгон көйгөйлөр пайда болуп, ал эми жогорку даражалуу атка минерлер АКШ мамлекетин түптөгөндөрдүн идеалдарына ишеничин жоготуп, аларды сактабай калды дейт саясатчы Уилкерсон.
Өз сөзүндө Пауэллдин мурдагы кеңешчиси Америка кыйрап калган империялардын көп кылымдык жолун кайталап бара жатканына көңүл бурду. Буга, Уилкерсондун пикирине ылайык, теңдешсиздиктин күч алышы, валютанын куну кетиши, коррупциянын гүлдөшү, согуштарды жана ашыкча жыргалчылыктарды каржылоодон пайда болгон "баш айлангыдай" карыздын көптүгү жана башкалар күбө.