Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШ дүйнө коопсуздугу үчүн чогуу күрөшөт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери дүйнө коопсуздугун сактоо аракети АКШ менен кандай өңүттө жүрөрүн талкуулашты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри ишемби күнү Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугуп, аталган аймактагы мамлекеттер менен жалпы кызыкчылык жараткан маселелерди талкуулаганын департаменттин өкүлү Жон Кирби билдирди.

Керри "мамлекеттик катчы өзүнүн Борбордук Азиядагы кесиптештери менен жаңы форматтагы талкууга жол ачып", Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен баарлашты дейт Кирби.

"Мамлекеттик катчы менен министрлер АКШнын жана аталган өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү, ошондой эле дүйнө коопсуздугу боюнча жалпы аракетин талкуулашты", — деди ал. 

Керри Борбор Азиядагы туруктуулук "АКШнын улуттук коопсуздугу менен тыгыз байланышта" экенин белгиледи.

Иш-чаранын катышуучулары мындай талкууларды байма-бай өткөрүп турууга макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0