00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:55
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где в Бишкеке спасают животных и почему центру «Зоо Бишкек» нужна поддержка
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
17:04
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тбилисидеги суу ташкыны 12 адамдын өмүрүн алды

© AFP / NIKA GOTSIRIDZEТбилисидеги суу ташкыны
Тбилисидеги суу ташкыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грузиянын борбору Тбилисиде ишембиден жекшембиге караган түнү нөшөрлөгөн жаан мөндүр менен коштолуп, суу ташкыны адам өмүрүн кыйды. Кырсыктын кесепетинен шаардагы зоопарк жабыркап, андагы 600дөн ашуун жаныбардын теңи кырылды.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Тбилисидеги суу ташкынынан каза болгон адамдардын саны 12ге жеткенин РИА Новости шаардын мэри Давид Нарманиянын айткандарына таянуу менен маалымдайт.

Ишембиден жекшембиге караган түнү нөшөрлөгөн жаан мөндүр менен коштолуп, суу ташкыны адам өмүрүн кыйды. Кырсык кесепетинен турак үйлөрдү суу каптап, жолдор, инфраструктура объектилери бузулду. Мындан тышкары, шаардагы зоопарк жабыркап, андагы 600дөн ашуун жаныбардын теңи кырылган. Шаарды аралап кеткен арстан, аюу, карышкырлар атып өлтүрүлгөн. Калганы коопсуз жайга көчүрүлдү.

"Куткаруу иштеринин биринчи этабы аягына чыкты, бирок аракеттер токтогон жок. Учурда набыт болгон адамдардын саны 12ге жетти. Биз алардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деди Нармания. 

Анын айтымында, күндүн акырына чейин кырсыктан улам шаар тургандарына жана калаа инфраструктурасына келтирилген зыяндын көлөмү аныкталат. 

Маалыматка ылайык, жок кылынган жаныбарлардын ичинде сейрек кездешүүчү Шумба аттуу ак арстан да бар. Буга чейин зоопарктын директору Зураб Гуриелидзе кырсык учурунда качып кеткен жаныбарлар негизсиз атылганын билдирип чыккан.

"Эгер жырткыч адамга кол салса, анда атылышы жөндүү. Бирок жаныбарларды атууга буйрук болгон эмес, айрымдар өз укугун ашкере пайдаланып жиберишти", — деди директор.

Ал эми мэрия кызматкерлери зоопарк толугу менен кыйраганын, учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. 

Тбилисидеги катуу жааган жамгырдын кесепеттерин жоюу үчүн премьер-министр Ираклий Гарибашвилинин буйругу менен өзгөчө кырдаалдар штабы түзүлүп, аны өкмөттүн мамлекеттик коопсуздук башкармалыгы боюнча Кеңеш башкарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0