БУУнун башкы катчысы Дебальцеводо аскер аракеттеринин улантылышана тынчсызданат

© REUTERS / Maxim ShemetovСитуация на Украине
Ситуация на Украине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пан Ги Мун бардык тараптарды ок атууларды толук токтотууга чакырды жана Украинада убактылуу элдешүү жөнүндө макулдашуу жетишилгендигине канааттануусун билдирди.

БИШКЕК, 16-фев — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Укаинада ок атууларды токтотуу жөнүндө макулдашуу жетишилгендигин жактырып, бирок Дебальцеводо куралдуу кагылышуулар улантылып жатканы жөнүндө кабарларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

"Башкы катчы Украинанын чыгышында ок атуулар 12-февралдан тартып Минсктеги макулдашууларды ишке ашыруу боюнча чаралардын алкагында токтотула башталганын кубаттайт", — деп айтылат БУУнун маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда деп айтылат документте, "башкы катчы Дебальцево менен катар башка жерлерде куралдуу кагылышуулар улантылып жатканы жөнүндө кабарларга байланыштуу катуу тынчсызданууда жана бардык тараптарды ок атууларды толук токтотууга кайра чакырат". 

Минсктеги сүйлөшүүлөрдө эмнелер жөнүндө макулдашылды

Украинада ок атуулар 15-февраль түнү токтотулат
"Нормандия төртилигинин" 12-февралдагы сүйлөшүүлөрү Донбасста кырдаалдын кескин курчуп кеткен шартында өттү. Мындай абал өз күчүн көбөйтүү менен ыктыярчылардын орун алган жерлерине чабуул коё баштаган украин күчтөрүнүн аракеттеринен болду. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Россия, Украина, Франция жана Германия өлкөлөрүнүн лидерлери бир катар чараларды көрүү, анын ичинде 15-февралдан тартып Донбасста ок атууларды токтотуу, оор куралдарды бири-биринен алыс алып кетүү жана коопсуз тилкесин түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.


Жаңылыктар түрмөгү
0