07:51 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
V Международный форум по спутниковой навигации

Крымдын троллейбустары ГЛОНАССка туташылат

© Sputnik / Валерий Мельников
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
3 0 0

"Крымтроллейбус" ишканасы россиялык ГЛОНАСС навигациялык системасына туташтыруу үчүн коомдук электр унааларына атайын жабдуу орнотот. Республиканын авто-унаа министринин пикири боюнча, бул троллейбустардын жүрүү аралыктарын жөнгө салат.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. "Крымтроллейбус" ишканасы ГЛОНАСС технология колдонулуучу автоматташылган диспетчердик башкаруу системасынын пилоттук долбоорун уюштурууга киришип жатканын РИА Новости билдирди. Навигациялык системага туташтырууга каражат бюджеттен бөлүнмөкчү.

"Крымтроллейбус" ишканасынын директору Валерий Заикин "Россия сегодня" радиосуна курган маегинде азыркы учурда долбоор текшерүү сынагынан өтүп, Крымдын троллейбустук каттамдарын тейлей турган фирма тандалып жатканын билдирди. 

"Бизде аялдамаларды автоматтык түрдө жарыялоо орнотулган, биринчи кезекте троллейбустардын аралыктарынын бузулушун жөнгө салуу жакшырат, себеби диспетчердик аппарат мындай кырдаалдарга токтоосуз таасир кылат", — дейт Заикин.

Мурдатан Крымдын авто-унаа министри Анатолий Цуркин билдиргендей, Крымдын бардык коомдук авто-унаалары каттамдын паспортун алуу үчүн жакынкы арада Россиянын навигация системасына өтөт. Украина курамында турганда эле Крымдын авто-унааларынын айрым бөлүгү республикалык "Бирдиктүү диспетчердик борбор" ишканасы орноткон новигатордук системалар менен жабдылган. Азыр GPS туташылган ал навигаторлор ГЛОНАССка байланыштырар жабдыктар менен камсыздалат.

Тема боюнча

Японияда суутектүү Toyota Mirai сериялуу седан сатыкка чыкты
Белгилер:
GPS, ГЛОНАСС, Крым, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ