15:40 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Астероид

Пушков Обамага астероиддерден коргонуу долбоору боюнча ойлонуп көрүүнү сунуштады

© Фото / Jason Major
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
11 0 0

Россиялык астрономдор Жер үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон дагы бир астероидди ачты. Ал Жер менен кагылыша турган болсо, анын жарылуу кубаты Челябинск метеоритинин күчүнөн миң эсе жогору болот.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. РФтин Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Алексей Пушков АКШнын президенти Барак Обамага астероиддерден коргонуу боюнча биргелешкен долбоор тууралуу ойлонуп көрүү сунушун айтты, деп билдирет РИА Новости.

Россиялык астрономдор Жер үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон дагы бир астероидди ачышты. Ал Жер менен кагылышса, жарылуу кубаты Челябинск метеоритинин күчүнөн миң эсе жогору болот. Диаметри 370 метр келген бул астероидге 2014 UR116 деген ат берилди.

"Обама кансыз согуштун ордуна астероиддерге каршы биргелешкен долбоор жөнүндө ойлонуп көргүсү келбейт болду бекен? Антпесе 2014 UR116 астероиди ага да, дал Ак үйгө келиши мүмкүн", — деп жазган Пушков өзүнүн Twitterдеги микроблогунда.

Ал 2014 UR116 астероиди ар бир үч жылда Жерден жакын аралыкта учуп өтүп турарын кошумчалаган. 

Россия менен Батыштын мамилелери Украинадагы кырдаалга байланыштуу начарлап кеткен. Июлдун аягында Европа биримдиги менен АКШ айрым жеке адамдарга жана өзүнчө компанияларга каршы санкциялардан Россия экономикасынын бүтүндөй тармактарына каршы чараларга өткөн. Буга жооп кылып РФ өзүнө карата санкция киргизген АКШдан, ЕБ мамлекеттеринен, Канададан, Австралиядан жана Норвегиядан азык-түлүк товарларынын алынып келишин чектеген.

Тема боюнча

АКШ: жүк ташуучу космос кемеси учуп жатканда жарылып кетти
Белгилер:
Алексей Пушков, Барак Обама, АКШ, Украина, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ