02:12 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Заседание совета Парламентской ассамблеи ОДКБ

Нарышкин: 40ка жакын өлкө ЕврАзЭШ менен кызматташууну каалайт

© Sputnik / Григорий Сысоев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
10 0 0

Саясатчылар чечим кабыл алууда өз өлкөлөрүнүн жалпы калкынын жана бардык аймактарынын көз караштарына таянып, ошондой эле коңшу мамлекеттердин да кызыкчылыктарын эске алуулары керек деп баса белгиледи Нарышкин.

БИШКЕК, 25 ноя — Sputnik. 40ка жакын өлкө ЕврАзЭШ менен эркин соода аймагын түзүүнү каалагандыктарын билдиришти, ал эми Украина болсо мындай ниетин айткан жок, ал европалык биримдикке кошулууга умтулууда деп билдирди РФ Мамлекеттик Думасынын спикери Сергей Нарышкин.

Ал КМШнын дагы беш мамлекети Евразиялык биримдикке кошулуу жолун тандап жатышкандыгын эске салды.

"Дүйнөнүн дагы 40ка жакын өлкөсү биздин интеграциялык бирикмебиз менен эркин соода аймагын түзүүнү каалай тургандыктарын расмий билдиришти. Ошол эле учурда Кызматташтык боюнча айрым бир өнөктөштөрүбүз, негизинен сырттан болгон кысымдардын астында, Евразиялык экономикалык шериктештиктен баш тартып, Европалык биримдикти көздөп жатышат. Ал эми Европалык биримдик өзүнүн толук үстөмдүк кылуусун болжойт", —деди Нарышкин "Президент, парламент, интеграция" эл аралык конференциясында.

Анын сөзүнө караганда, геосаясий тандоо — бул ар бир мамлекеттин жеке эгемендик укугу.

"Бирок, саясатчылар чечим кабыл алууда өз өлкөлөрүндө калктын бардык катмарларынын жана бардык аймактарынын көз караштарына таянып, ошондой эле экономикалык өнөктөш болуп эсептелген коңшу мамлекеттердин да кызыкчылыктарын эске алуулары керек", — деп белгиледи Нарышкин.

Ал ЕврАзЭШте парламенттер аралык кызматташтыкты жандандырууга чакырды. Атап айтканда, катышуучу өлкөлөр өз улуттук мыйзамдарын ЕврАзЭШ жөнүндө келишимге ылайык келеби жокпу, сөзсүз экспертизадан өткөрүүнү парламенттин регламенттерине киргизүү сунушун айтты.

Андан сырткары, Нарышкин ЕврАзЭШ мыйзамдарынын көйгөйлүү маселелери боюнча депутаттардын, серепчилердин жана ишкерлердин катышуусундагы кереге кеңештерди жолугушууларды үзбөй өткөрүп турууну сунуштады.

"Мындай пикир алмашууларды "Евразиялык экономикалык келечек" Эл аралык форумунун жетекчилиги алдында уюштурса болот… Евразиялык интеграцияда Казакстандын орчундуу ролун эске алып, келерки жылдын күзүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин биринчи натыйжаларын сиздердин меймандос жериңиздерде талкууласак жакшы болор эле" — деп кошумчалады Мамлекеттик Думанын спикери.

Евразиялык экономикалык шериктештик (ЕврАзЭШ) — евразиялык биригүүнүн алкагында Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын Бажы биримдигинин негизинде 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүлүп жаткан экономикалык биримдик. Экономика тармагында мамлекеттер аралык интеграциялануунун алкагында кызматташтык мурдагы советтик мейкиндикте 1990-жылдардын аягынан бери жүргүзүлүп келе жатат. 1999-жылдын 26-февралынан тартып Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик тууралуу Келишимге кол коюшкан.


Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
Белгилер:
ЕврАзЭШ, Бажы биримдиги, Казакстан, Россия, Сергей Нарышкин

ЭҢ МААНИЛҮҮ