АКШ ЖМКсы: Памела Спратлен Өзбекстандагы элчи кызматына бекитилди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүВашингтон шаары
Вашингтон шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спратлендин талапкерлигин башында Сенатка президент Барак Обама көрсөткөн. 2011-жылдан тартып ал АКШнын Кыргызстандагы элчисинин кызматын аткарып келген.

БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. Жума күнү АКШнын Сенаты Өзбекстандагы элчиси катары Памела Спратлендин талапкерлигин бекитти деп билдирди АКШнын ЖМКларына шилтеме кылган РИА Новости.

Басылмалар анын талапкерлигин Сенатка башында президент Барак Обама көрсөткөндүгүн жазышты. 2011-жылдан тартып ал АКШнын Кыргызстандагы элчисинин кызматын аткарып келген. 

Американын 2011-жылдын июнь айынан бери Өзбекстандагы элчиси болуп келген Жорж Крол эми АКШнын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн башкара тургандыгы мындан бир аз убакыт мурдараак маалымдалган эле. 

60 жаштагы Памела Спратлен Огайо штатынын Коламбус шаарында туулган. Калифорниядагы Уэллсли-колледжин жана Беркли университетин бүтүргөн. Калифорния штатынын өкүлдөр палатасынын бюджеттик комитетинде кеңешчи жана консультант болуп тогуз жыл эмгектенген. Андан соң дипломатиялык кызматка өтүп, АКШнын мамлекеттик департаментинде экономисттик кызматта иштеген. Андан сырткары, АКШнын Владивостоктогу Башкы консулунун кызматында, АКШнын Казакстандагы элчилигинде да иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0