Кулаган учактын жерге сүрүлгөн изи — асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Квадрокоптер менен тартылган видеодо "Манас" аэропортунун конуу тилкеси кайсы жерден башталып, учак кайсы жерден кулап сүрүлө баштаган изи көрсөтүлүп турат.

Крушение самолета Boeing-747 в Дача-Суу - Sputnik Кыргызстан
Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керек
16-январь күнү таң эрте саат 7.30дар чамасында Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө кулаган. Кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча, 38 киши каза таап, 16 адам жаракат алган.

Квадрокоптер менен тартылган видеодо "Манас" аэропортунун конуу тилкеси кайсы жерден башталып, учак кайсы жерден кулап сүрүлө баштаган изи көрсөтүлүп турат.

Буга чейин жүк ташуучу учак "Манас" аэропортунан 1,5 чакырым алыстыкта кулаганы айтылган. Анткен менен кулаган учактын канча аралыкка чейин сүрүлүп барганы так айтыла элек.

Дача айылына кулаган учактын алгачкы видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0