Атасынын сөөгүн жерге бере элек Руслан эки кызынан бирдей айрылды

Жазылуу
Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы 16-январь күнү саат 7.30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн.

Республикалык сот-медициналык экспертиза бюросунда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача айылында катталган учак кырсыгынан каза болгон бир тууган эже-сиңдинин сөөгү Нарын жергесине алынып кетти. 

Аталган айылда батирде турган Руслан Белеков эки күн мурун Нарын облусунун Жерге-Тал айылына атасы каза болуп, жубайы экөө ошол жакка кеткен. 

"Кырсык болгон күнү 13 жаштагы Мадина жана 7 жаштагы Адинай аттуу кыздарымды кошунам Анарбек Солтокеновдун үйүнө калтырып кеткенбиз. Эки кызым жана кошунамдын үй-бүлөсү, бала-бакырасы бүт каза болуптур. Кыздарымды апасы операция жолу менен төрөгөн, Дача айылында батирде турчубуз. Жубайым азыр экөө тең каза болгонун уга элек", — деди Белеков.

Кыздардын сөөгүн Нарынга ӨКМдин унаасы алып кетти.

Учак кыйрагандан кийинки дароо тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0