11:56 22 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Видео

Өрт жалмаган үй. Майып эне, айыл өкмөттөн жардам күткөн бүлө

Кыскача шилтеме алуу
86 0 0
(0:55 / 5.67Mb / )
© Видео / Улан Маккамбаев

Баткен районундагы Карабак айылынын тургуну, III топтогу майып Токтобүбү Мусаеванын үйү 22-декабрдын таңында өрттөнүп кетип, учурда төрт баласы, жолдошу менен бир бөлмөдө күн кечирип келет.

Бул туурасында Мусаева Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысына айтып берди. 

"22-декабрда таңкы төрт жарымдарда ойгонуп кетип, өрттү сезип калдым. Башка бөлмөдө уктап жаткандыктан, ажалдан аман калдык. Жолдошумду ойготуп, сыртка чыктык. Кырсыктагандан бери төрт балам, жолдошум менен бир бөлмөдө эптеп күн кечирип келе жатабыз", — деди Мусаева. 

Ал эми жергиликтүү бийлик жардам берүү маселеси жаңы жылдын башы менен карала тургандыгын билдирди. 

"Азыр жылдын жыйынтыгы чыгып жаткан чак. 2017-жылдын башы менен акчалай жардам берели деп турабыз. Балким, керектүү курулуш материалдарынан тактай алып беребиз, эми муну тиешелүү комиссия чечет", — деди Акматбекова.

Жабырлануучу алардын үйү камсыздандырылбагандыгын айтты. 

Тема боюнча

Баткенде өрт жалмаган үйдүн жашоочулары бир бөлмөдө баш калкалап отурат
Белгилер:
майып, үй-бүлө, кырсык, Өрт, Баткен району

ЭҢ МААНИЛҮҮ