Таш-Көмүр ГЭСинин асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Таш-Көмүр гидроэлектростанциясы Жалал-Абад облусунун Ноокен менен Аксы райондору чектешкен жерде жайгашкан.

Токтогул суу сактагычындагы электр станцияларды башкарган зал - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСинин ичи кандай? Сүрөттө калган ирмемдер
ГЭСтин плотинасы Нарын дарыясындагы Күрп-Сай ГЭСинен 18 чакырым төмөн жерде жайгашкан. Анын курулушу 1981-жылы башталып, беш жылдан кийин биринчи агрегаты старт алган. Ал эми 2001-жылы 450 мегаватт кубаттуулук менен ишке берилген.

ГЭСте ар бири 150 мегаватт болгон үч гидроагрегат орнотулуп, кууш капчыгайдын ичинде курулган. Суу сактагычтын жалпы көлөмү — 144 миллион куб метр, пайдалуусу — 10 миллион куб метр сууну түзөт. Плотинанын бийиктиги — 75 метр, жогорку бъефтин чеги — 628 метр.

Жаңылыктар түрмөгү
0