Сабырбек Жумабеков: "Алкан" базарындагы кырсыктан жабыркагандардын абалы оор

Жазылуу
"Дордойдун" ичинде жайгашкан "Алкан" базарындагы негизги өтмөктүн чатырынан урашынан улам, беш адам жабыркаган. Учурда алар Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков окуядан жабыркагандардын абалы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, ооруканага түшкү саат 12:40тан баштап бейтаптар алып келине баштаган.

"Бизге беш адам алып келинди. Бирөөсүн медициналык кароодон өткөрүп, омуртка бөлүмүнө котордук. Жаракаты жеңил экен. Төртөөнүн абалы өтө оор. Аларды жандандыруу бөлүмүнө жаткырдык. Алардын мээ сөөктөрү, колу-буту сынып, мээсине кан куюлуп, чайкалыптыр", — деди Жумабеков.

Алкан базарында урап түшкөн чатыр 450 чарчы метр жерди басып калды - Sputnik Кыргызстан
Ураган чатыр жана тез жардам: “Дордой" базарынан тартылган сүрөттөр
Ошондой эле, ал кырсыктан жабыркаган 31 жаштагы аял өтө оор абалда болгондугун, аппараттын жардамы менен дем алып жаткандыгын белгиледи. 

"Алардын ичинен үч адам Кыргызстандын, ал эми экөө казакстандык жарандар. Бардыгы аялдар. Учурда өзүбүздө болгон дары-дармектердин баарын алып чыгып, алардын өмүрүн сактап калууга аракеттерди көрүп жатабыз", — деди Жумабеков.

Жандандыруу бөлүмүнүн алдында кырсыктан жабыркандардын жакындары менен бирге "Алкан" базарынын вице-президенти Чыңгыз Алканов турган экен. Ал окуя тууралуу айтып берди.

"Кар көп жаап баштаганда биз базардагы кооптуулук абалын адистер менен бирге өз алдынча тактаган элек. Ондоп-түздөө иштери зарыл экендигин байкап, ушул жекшемби күндөн бери айрым бөлүктөрүндө оңдоо иштери башталып, эки катары оңдолгон. Бирок базарды жапкан эмес элек. Ал аңгыча кырсык болуп кетти. Биздин эң чоң катабыз ушул болду", — деди Алканов. 

Алкановдун айтымында, жабыркагандардын экөө соодагер, экөө сатып алуучу болгон. Бирөөнүн кайда иштелгендиги такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0