"Дордой" базарындагы урап түшкөн чатырды соодагерлер өзүлөрү тазалашты

Жазылуу
Учурда "Дордой" базары убактылуу жабылып, кооптуулуктан улам элди чыгарып жатышат.

Бүгүн, 29-ноябрда "Дордой" базарындагы негизги өтмөктүн чатыры кулап, кишилерди басып калды.

"Учурда Дордой базар толугу менен жабылды. Урап түшкөн чатыр 450 чарчы метрди басып калган. Кырсыктан үч адам жабыркап, бирөөсү шаардык №4 ооруканага жеткирилди", — деп жазылат маалыматта.

Окуя "Дордойдун" түндүк тарабында "Алкан" базары тарапта болгон. Учурда ал жерде Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0