Чыгыш-5 кичи районунда жеңил унаа күйүп кетти

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда унаа толугу менен өчүрүлдү.

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районунда жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp номер аркылуу окурман жөнөттү.

Ала-Тоо аквапаркындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аквапаркындагы өрттүн себептери белгилүү болду
Аталган маалыматты ӨКМ тастыктап, күйгөн унаа боюнча билдирүү бүгүн, 20-ноябрда саат 17:27де түшкөндүгүн жана өрт толугу менен өчүрүлгөндүгүн билдирди. 

Ал эми Тез жардам станциясы аталган факт боюнча чакыруу түшпөгөндүгүн маалымдады. 

Эгер түрдүү окуяларга күбө болуп калсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0