Бишкектин чок ортосунда унаа балалуу аялды коюп кетти

Жазылуу
ИИМдин өкүлү жолдон өтүп бараткан жолоочуларды этият болууга чакырды.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте Абдырахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, балалуу аялды унаа коюп кетти. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматынын өкүлү Елена Аильчиева билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан болжол менен 45 жаштагы аял жеңил жаракат алса, ал эми 12 жаштагы баланын эч жери жабыркаган эмес.

Ал эми унаа айып короого токтотулду.

"Эне-бала дээрлик кызыл жарык күйүп калганда жолдон чуркап чыгышкан", — деди Аильчиева.

ИИМдин өкүлү жолдон өтүп бараткан жолоочуларды этият болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0