Кытай элчилигиндеги жарылуу: жеринен тартылган тасма жана күбөлөрдүн пикири

Жазылуу
Шейшемби күнү эртең менен Кытай элчилигинин ичинде жарылуу болду. ӨКМдин маалыматы боюнча каза болгондор жана жабыркагандар бар.

Вице-премьер: Кытай элчилигиндеги жардырууну жан кечти жасады - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер: Кытай элчилигиндеги жардырууну жан кечти жасады
Министрликтен билдиришкендей, окуя болгон жерге министр Кубатбек Боронов чыгып кеткен. Элчиликтин аймагында өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар жана ыкчам топ турат.

УКМКнын маалымат кызматы ыкчам топ жана саперлор иштеп жатканын билдирди.

Тез жардам кызматынын маалыматы боюнча бир киши көз жумган. Алдын ала маалыматтар боюнча ал машинанын ичинде болгон. Тез жардам кызматы элчиликтин жабыр тарткан эки кызматкерине жардам берген. Жабыркаган дагы бир жаран өз алдынча медициналык жардам алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0