Ажайып Кыргызстан — Падыша-Ата коругу

Жазылуу
Падыша-Ата коругу Жалал-Абад облусунда, Тян-Шандын батыш аймагында жайгашкан.

Коруктун аймагы 30 миң 560 чарчы метрди түзүп, 2003-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты арча токойлорун сактап калуу болуп саналат.

Ажайып Кыргызстан — Сары-Челек кыргыз бермети - Sputnik Кыргызстан
Ажайып Кыргызстан: Сары-Челек — карагайлуу тоолордун ортосундагы керемет жай
Аталган аймакта уникалдуу өсүмдүктөр өсүп, ак илбирс сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарлар байырлайт.

Жалал-Абад облусу ыйык өрөөн деп аталганы бекеринен эмес, бул жерде көптөгөн ыйык жайлар бар. Алардын бири — "Падыша-Ата" мазары мамлекеттик коруктун аймагынан орун алган.

Бул жерде сүт эмүүчү жаныбарлардын 31 түрү, канаттуулардын 51 түрү байырлайт.

Кыргызстандагы Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди.  

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0