00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Айчурок Зайырбекова: как психология помогает милиции в экстремальных условиях
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандыктардын санариптик сабаттуулугу кандай? – Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдына коюлган милдеттерди кандай аткарды?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Шанс стать крутым бизнесменом — беседа о работе Университета «Евразия» с вице-спикером Госдумы РФ
10:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби? Ыш менен күрөшүү кандай жүрүүдө?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация таможни: борьба с контрабандой и снижение бюрократии
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2025-жылы канча чакырым жол салынат? – инвестиция, жаңы техника, акы төлөнүүчү жол, кадр маселеси
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Страна детей и открытой, предприимчивой молодежи — глава представительства «Россотрудничества» о Кыргызстане
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Так талаш": төрага болбой калган Төрөбаев менен Исаев "өх" деди

Жазылуу
Спикерликке аттанган Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев 51ден добуш алып тең чыгышты. Мыйзамга ылайык, кимиси депутаттардын 61 добушун алса, төрага болуп шайланмак.

Портфель кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикерликке 6 талапкерге чейин сунушталышы мүмкүн
Бүгүн, 20-апрелде парламенттин төрагасын шайлоо өттү. "Кыргызстан" фракциясы Канат Исаевди, ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин сунуштап, көпчүлүк коалициясы эки талапкерди тең жактырган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең 51ден добуш алып, мыйзамга ылайык төрага шайланбай калды. Шайлоодон кийин эки талапкер тең эч кандай капачылыгы жок экенин айтышты.

Исаев мындай көрүнүш Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатканына токтолду.

"Баары Алладан. Мындайды атайлап жасасаң да болбойт. Биз буюрса дагы төрт жарым жыл чогуу иштешебиз. Колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирем. Эч капачылык жок", — деди Исаев.

Ал эми Бакыт Төрөбаев өз кезегинде муну менен жашоо бүтпөстүгүн, алдыда жакшы пландар бар экенин кошумчалады.

"Урматтуу депутаттар, баарыңыздарга рахмат. Мен Өмүрбек Текебаевден сурасам мындай шайлоо тарыхта биринчи жолу болуп жатканын айтты. Бул тагдыр экен. Мен ыраазымын. Депутаттарга таза шайлоо өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күн менен турмуш бүтпөйт, алдыда дагы көп иштешебиз", — деди Төрөбаев.

Эске сала кетсек, өткөн бейшемби күнү парламентте төраганы шайлоо маселеси күн тартибине киргизилип, бирок кворум болбой, спикерди шайлоо бүгүнкүгө белгиленген. Ал эми буга чейинки төрага Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөндөн кийин кызматынан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0