Бул тууралуу алар Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
25 жаштагы Айбек Бакытбеков досу Талант Самарбеков менен короодо жүрүп, кыздардын кыйкырганын уккан. Үн чыккан жакты карай чуркашып, көлмөдөгү муздун алдына түшүп кеткен кыздарды көрүшкөн.
"Талант жип таап кел деп кыйкырып, өзү көлмөнү көздөй чуркады. Мен сарайга чуркап кирип, жип таап анын артынан чуркадым. Талант дароо эле сууга секирди", — дейт Айбек.
Кыздарга жеткенге чейин алардын бирөө муздун алдына түшүп кеткен. Экинчисин кармап, башын суудан чыгарган. Экинчисин кармайын дегенде өзү чөгүп жатканын сезген Айбек, Талантка жипти ыргыт деп кыйкырган. Досунун ыргыткан жиби анын колуна дароо тийип, кыздардын кичүүсүн колуна, экинчисин буту менен тосуп алган. Үчөөнү тең Талант жээкке жип менен сүйрөп чыккан.