Атайын кызмат террорчулардын катылган гранатомет жана ок-дарысын таап чыкты

Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери Жалал-Абад облусунан катылган ок-дары менен курал-жарак табышканын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Катылган жерден гранатомет жана алты миңге жакын 5,45 жана 7,62 миллиметрлүү ок алынган.

Бул факт боюнча жакында эле Сириядан келген Кыргызстандын жараны кармалган. 

УКМКнын маалыматы боюнча кармалган жаран 2015-жылдын июль айында жок кылынган террористтик топко тиешеси болгон.  Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0