Аталган аймакка дароо ИИМдин ыкчам аракеттеги бөлүк кызматкерлери жана кинологдор келишкен. Алардын ишине туман жолтоо болууда.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган аймакта атышуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. ИИМ муну четке каккан.
Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Атайын операция учурунда алардын бешөөнү кармап, төртөө изин жашырганга үлгүргөн. Учурда алар изделип жатат.