Валентина Шевченко: беттеш алдында кыргызстандыктардын колдоосун сездим

© AP Photo / Nam Y. HuhКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко күйөрмандары менен
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко күйөрмандары менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Жулианна Пеньяны уткандан кийинки сезимдери менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, 28-январда АКШнын Колорадо штатындагы Денвер шаарында UFC турниринин алкагында Шевченко венесуэлалык Жулианна Пеньяны утуп алган. Шевченко атаандашын экинчи раундда колун кайрып туруп жеңишке жетишкен. Кыргызстандык мушкер эми бразилиялык Аманда Нуньеc менен беттешет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Азамат Аралбаев Валентина Шевченконун беттештен кийин чарчаганына жана убактысынын тар экенине карабай байланышты.

— Валентина, жеңишиңиз менен куттуктайбыз! Пенья менен беттешер алдында даярдыктар кандай болду жана жаңы ыкмаларды колдондуңузбу?

— Машыктыруучум Павел Федотов менен бардык ыкмаларды үйрөндүк. Түрдүү соккуларды өздөштүрдүк. Бир нерсени гана өзгөрттүк — беттеш болорго чейин бир жума мурун Денверге келдик. Бул жактын климаты Ысык-Көл сыяктуу бийик тоолуу экен. Андыктан бат эле көнүп, машыгууларды баштадык.

— Жеңишке бир нече көз ирмемде жетем деп ойлодуңуз беле? Пеньянын даярдыгы кандай экен?

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Сазайыңды берем! Шевченко менен Нуньестин кайым айтышуусу
— Мен ар бир беттешке тыкыр даярданып, мыкты формада болууга аракет кылам. Мисалы беш раунд беттеше турган болсом 5 мүнөттөн 10-11 раундга чейин тынымсыз даярданабыз. Дайыма ашыкча даярдануу керек. Ооба, беттешти эрте бүтүрөйүн деп аракет жасап, бардык көңүлүмдү ошого бөлдүм. Мен аны утушум керек болчу, утулуп калам деп такыр ойлогон жокмун.

— Пенья беттешке чейин сизди пюредей эзип, муунтуп эсин оодарам деген экен. Утулгандан кийин эмне деди?

— Жок, ал эч нерсе деп айта алган жок, дарманы дагы жок болчу. Алдын ала тигинтип айтып алып анан утулуп калды да, өзүн жаман эле сезип жатты. Оозго келген ар нерсени айта берсе болот. Буга чейин оозун көптүрүп сүйлөгөн бир нече атаандаштар менен беттештим. Бирок, айтылган сөздөрү рингде жардам бере алган жок. Жеңишке жетүү үчүн бир гана машыгуулар жардам берет. Жулианнанын айткандары өзүңөр көргөндөй ага рингде жардам бере алган жок.

— Бул беттешти эки сөз менен кандай сүрөттөп бере аласыз?

— Эми анын баарын эки сөзгө батыра албайсың го. Беттешке чейин мен рейтингде биринчи ал экинчи экенин билчүмүн. Бул мелдеш титулдук беттештерге чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүн мен бир гана жеңиш тууралуу ойлоп жаттым. Ошентсе да журналисттер Нуньес менен болчу реванш тууралуу да сурап жатышты. Мен реваншга чыгууга даяр экенимди айтканым менен боло турчу мелдеш тууралуу гана ойлоп жаттым.

© AP Photo / Nam Y. HuhБой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго

— Рингде маек берип жатканда сиздин кезектеги атаандашыңыз Аманда Нуньес да келди. Угушумча сиздер бири-бириңиздерге "жакшы сөздөрдү" айттыңыздар…

— Ооба, бири-бирибизге карата пикирибизди айттык. Бирок мен Жулианнадай оозго келген сөздөрдү айта бербейм. Атаандашым Нуньес дагы мени утуп аларын айтты. Мен ага айткандарыңа жооп бересиң дедим. Кийинки беттеш башкача болот. Мен былтыркыга караганда бир топ өзгөрдүм. Нуньесди утуп, жеңишке жетким келет.

— Реванш алыш үчүн машыгууларды кайдан өткөрөсүз?

Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин
— Пенья менен беттешер алдындагы машыгуулар абдан эмоционалдуу болуп, физикалык жактан дагы чарчадым. Өзүмө келиш үчүн бир жумадай эс алам. Нуньес менен качан беттешерибиз белгилүү болгондон кийин гана машыгууларды баштайбыз. Беттеш апрель же майда болушу мүмкүн.

— Сизди көпчүлүк кыргызстандыктар колдоп, сыймыктанышат. Кыргызстанга качан келесиз?

— Ооба, мекенимди сагындым, баргым келет. Азыр спорттук карьерам жолго коюлуп, өр алып жаткандыктан саякаттоого убакыт такыр болбой жатат. Үйүмө 2-3 күнгө эмес бир нече айга барып, каалаган жеримди кыдырып келсем дегенде эки көзүм төрт. Биринчи мүмкүнчүлүк болору менен машыктыруучум, эжем Антонина менен сөзсүз келебиз.

— Рингге чыкканда дайыма Кыргызстандын желегин да алып чыгасыз. Бул аркылуу сиз Кыргызстанга болгон сүйүүңүздү билдиресизби?

— Кыргызстан менин киндик каным тамган жер. Мен абдан бактылуумун…

Маек орус тилинен которулду>>

Жаңылыктар түрмөгү
0