Антонина Шевченко чемпиондук титулун коргойт

© Фото / пресс-служба Федерации тайского бокса в КРСпортсменка Антонина Шевченко
Спортсменка Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрь айында спортчу кыз Lion Fight Promotions эл аралык уюму менен келишимге кол койгон. Анын алкагында Шевченко бир нече чемпиондук титулдар үчүн күч сынашат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Антонина Шевченко өзүнүн Lion Fight титулун коргоо үчүн күч сынашат. Бул тууралуу Lion Fight Promotions уюмунун расмий сайтында кабарланды. 

Бул кыргызстандык мушкердин быйылкы жыл ичиндеги биринчи беттеши болот. Спортчу нидерландиялык Алейде Лавант (Aleide Lawant) менен 3-мартта АКШнын Коннектикут штатында күч сынашат.

 

 

Шевченко Lion Fight чемпиондук титулун былтыр июль айында коргогон. Ал италиялык Паоло Каруччи жана голландиялык Илона Вийманс менен кездешип, аларды утуп алган.

Ноябрь айында спортчу кыз Lion Fight Promotions эл аралык уюму менен келишимге кол койгон. Анын алкагында ал бир нече чемпиондук титулдар үчүн күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0