Футбол боюнча кышкы мелдеш январь айынын аягында башталат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФутболчу машыгуу учурунда. Архив
Футболчу машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир айдын ичинде беш команданын ичинен эң мыктысы аныкталат.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында жаштар арасында кышкы биринчилик өтө турганын Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар чемпионат учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилиги өтөт
Беттеш 29-январдан 26-февралга чейин Футбол федерациясынын футбол аянтчаларында, "Дордой" жана "Абдыш-Ата" клубдарынын стадиондорунда ар жекшемби сайын өтөт.

Турнирге олимпиадалык резерв мектебинин эки командасы, Футбол федерациясынын борборлору, "Дордой" жана "Абдыш-Ата" клубдары катышат. Мында негизинен 11-14 жаштагы фуболчулар күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0