БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу, аралаш мушташ искусствосу боюнча бир нече жолку дүйнө чемпиону Валентина Шевченко UFC (The Ultimate Fighter) турниринин 18-сезонунун жеңүүчүсү Жулианна Пена менен беттешет. Бул тууралуу маалымат MMA Fighting уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Эки спортучунун беттешери тууралуу мурдатан айтылып келген. Бирок венесуэлалык спортчу Шевченко менен жолугуудан качып, акыркы билдирүүлөрүндө 12-ноябрда Нью-Йоркто өтөт деп пландалган UFC 205 таймашы Пенанын өзү менен макулдашылбаганын айткан.
Жулианна Пена Ultimate Fighting Championship (UFC) клубунун атынан 4 жолу чемпион болуу менен өз рекордунан ашып түшүп, акыркы жолу UFC — The Ultimate Fighter 18 турниринин жеңүүчүсү аталган.
Ал эми кыргызстандык спортчунун эсебинде эки утуш, бир жеңилүү бар.
Ultimate Fighting Championship — Түндүк Америка, Европа жана Азия өлкөлөрүндө аралаш шарттар менен таймаштарды өткөргөн спорттук уюм. Башкы кеңсеси АКШнын Лас-Вегас шаарында жайгашкан.